Мөөнөтү аяктаган учурда жалпы жарандык паспортту алуу

Чет жалпы жарандык паспортун тариздетүүгө карата электрондук арызды үйдөн чыкпай туруп бериңиз.

Кызматтан пайдалануу ыкмасын тандаңыз

Жалпы маалымат

  • Кызматты көрсөтүү мөөнөттөрү жана баасы:

    18 жумуш күнү 590 сом

  • Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы:

    КР жаранынын жалпы жарандык паспорту берилет

Кызмат көрсөтүүдөн кантип пайдаланууга болот

  1. Авторизацияланыңыз

    Электрондук арызды тариздетүү үчүн Кирүү зарыл болот

  2. Электрондук арызды толтуруңуз

    Арызды электрондук түрдө толтуруу үчүн сизге төмөнкүлөр керек болушат:

    • алмаштырылышы керек болгон жалпы жарандык паспорт
  3. Фотосүрөтүңүздү жүктөңүз

    Фотосүрөтүңүз паспортто пайдаланылат

  4. Арызды сактаңыз

    Сиздин арызыңыз .PDF форматында генерацияланат, аны сиздин компьютерде сактап коюу зарыл болот

  5. Акча төлөңүз

    Мамлекеттик алымды төлөө үчүн Сиз каалагандай ыңгайлуу ыкмадан пайдалана аласыз. Акча төлөнгөндөн кийин жеке кабинетке билдирме келип түшөт

    Акча төлөнгөндөн кийин жеке кабинетке билдирме келип түшөт

  6. Жыйынтыгы

    Акча төлөнгөндөн кийин электрондук арыз МККга текшерүүгө берилет, бул жакта адис арыздын толтурулушунун тууралыгын текшерүүнү жүзөгө ашырат.

    Сиздин арыз Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан тастыкталгандан кийин Сизге паспортту даярдоого карата арыз ийгиликтүү тапшырылгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшөт

    Эскертүү: паспортту даярдоого карата арызды тариздетүү учурунда сиз даяр паспортту үйгө жеткирүүгө макулдугуңуз жөнүндө белгилеп кое аласыз. Жеткирүүнүн баасы 110 сомду түзөт.
Электрондук билдирмени толтуруу