Суроолор / жооптор

Көп берилүүчү суроолор

  • ПИН деген эмне?
    Персоналдык идентификациялык номер (ПИН)

    Персоналдык идентификациялык номер (ПИН) – бул, Кыргыз Республикасынын жарандарына, жаңы төрөлгөн наристелерге, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга ЖААК органдары тарабынан бир жолу ыйгарыла турган жана ушул адамдарга алардын өмүрү бою өзгөрүүлөрсүз сакталып турат жеке номер.

    ПИН жарандын инсандыгын күбөлөндүрүүчү бардык негизги документтерде көрсөтүлөт.

  • eIDни кантип алууга болот?

    Идентификациялык картаны (eID) алуу үчүн, сиз жеке өзүңүз жакын жайгашкан Калкты тейлөө борборуна же Калкты жана жарандык акттын абалдарын каттоо департаментинин паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнө барууга жана идентификациялык картаны берүү тууралуу арыз берүүгө тийишсиз. Мында идентификациялык картаны алууга карата документтерди тариздетүүнүн милдеттүү шарты болуп ПИНдин жана арыз берүүчүнүн каттоо дарегинин «ДМБ» АМТсында каттоосунун бар болушу эсептелет.

    Кененирээк маалымат – http://grs.gov.kg/ru/eid/documents/ сайтында

  • Порталда кызмат көрсөтүүдөн кантип пайдаланууга болот?

    Порталга бардык электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө толук жеткиликтүүлүгү менен кирүү уруксатын алуу үчүн 2017-жылдын үлгүсүндөгү иденификациялык картаны-паспортту (ID-карта), ошондой эле картанын жеке сыр сөзүн – PINди пайдалануу менен инсанды тастыктоодон өтүү керек.

  • Арыз берүүнүн макамын кантип текшерүүгө болот?

    Жеке кабинетке киришет. Берилгендиги боюнча ал жакта сиздин арыздар чагылдырылышат

  • Никелешүүсүн кантип каттоо керек?

    Күйөөлөгөн жигит жана колукту болуучу кыз биргелешкен арызды электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында авторизациялангандан кийин толтурушат

    Арызды берүү үч кадамдан турат:

    1. күйөөлөгөн жигит тарабынан маалыматтарды толтуруу, никелешүүсүн каттоо жерин жана күнүн тандоо;

    2. колукту болуучу кыздын маалыматтарды толтуруусу, никелешүүсүн каттоону тастыктоосу;

    3. кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө.

Портал менен кантип иш алып баруу керек

  1. eID деген эмне?

    Идентификациялык карта же eID карта – бул Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ, анын жардамы менен өз инсандыгын жана укуктук макамын жеке көрсөтүү учурунда сыяктуу эле, алыстан туруп дагы – Интернеттин жардамы менен тастыктоого, ошондой эле документтерге ишенимдүү электрондук колун коюуга дагы мүмкүн болот.

  2. eID карта менен иш алып аруу үчүн эмне зарыл

    1. Смарт картаны окугуч.

      Сиздин eID картанын жардамы менен Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы менен иш алып баруу үчүн, смарт-карт окугучун сатып алуу зарыл.

    2. Программалык камсыздоо.

      eID карта жана окугуч менен иш алып баруу үчүн, Порталдан акысыз жүктө алуу мүмкүн болгон TumarCSP (CryptoSocket) программалык камсыздоосу зарыл болот.

    3. eID карттагы PIN код маалыматы;

      eID картаны ридер аркылуу пайдалануу үчүн, Сиз өзүңүздүн eID картаңыздын PIN (жашыруун) кодун билүүгө тийишсиз.

      eID картаны алуу учурунда сиз анда PIN көрсөтүлгөн конвертти аласыз. PINди дайыма аутентификациялануу жана документтерге кол коюу үчүн пайдаланасыз.

    4. Компьютер жана интернет туташуусу.

      eID жана окугучтан башка Сизге интернетке туташтырылган компьютер зарыл болот.

  3. Тиркемени кантип орнотуу керек?

    Авторизациялануунун алдында, электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан «Идентификациялуунун бирдиктүү тутуму» прораммасын жүктөп алыңыз, аны өзүңүзгө компьтериңизге орнотуңуз. eID боюнча жарандардын идентификациялоо үчүн тиркеме

  4. Кантип авторизациялануу керек?
    1. «Кирүү» баскычын басып, электрондук кызмат көрсөтүлөр порталында авторизацияланыңыз;

      Кнопка войти
    2. «Кыргыз Республикасынын жараны» колдонуучунун категориясын тандаңыз;

      Кнопка «Гражданин Кыргызской Республики»
    3. eID окуу үчүн программа иштетилгенден кийин, сиздин eID картты компьютерге карт окугучтун жардамы менен туташтырыңыз;

    4. Авторизациялануу бетинен «eID аркылуу кирүү» баскычын басыңыз;

      кнопка «Войти через eID»
    5. Киргенден кийин өз инсандыгыңызды, «тастыктоо» баскычын басуу менен тастыктаңыз;

      кнопка «Подтвердить»
    6. Андан ары иденификациялоо тутуму eID паспорттон 4 сандуу PIN –кодду киргизүүнү талап кылат, PIN –кодду киргизиңиз;

      введите «PIN-код»
    7. «ОК» жана «Уруксат берүү»нү басыңыз;

    8. Андан кийин, «уруксат берүү» баскычын басыңыз;

      запрос данных

    Куттуктайбыз, Сиз Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталына өттүңүз!

  5. Жеке кабинет эмне үчүн керек?

    Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын жеке кабинетинде жөнөүтүлгөн арыздар, кайрылуулар, төлөмдөр боюнча бардык маалымат сакталат. Жеке кабинет аркылуу арыздарды кароонун жүрүшүнө жана төлөмдөрдүн макамына көз салып турууга мүмкүн болот.

  6. Порталда акы төлөөнүн кандай ыкмалары жеткиликтүү?

    Порталда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө төлөмдүн калыпандырылган коду боюнча банктын кассаларында, «Элсом» электрондук капчыгы, «VISA», «MasterCard» төлөм картасы, «Terem Pay» төлөм терминалы сыяктуу электрондук төлөмдөрдү пайдалануу менен жргүзүлөт.

  7. Эгерде мен PIN - кодду унутуп калган болсом, эмне кылуу керек?

    Эгерде Сиз өз PINиңизди унутуп калган же жоготкон болсоңуз, Сиз каалагандай жакын жайгашкан Калкты тейлөө борборуна барып, өз инсандык күбөлүгүңүздү көрсөтүп, PIN-кодуңузду алмаштыра аласыз.

  8. PIN - код эмне үчүн керек?

    PIN код Порталда авторизациялануудан өтүүгө жана электрондук кызматтардан пайдаланууга мүмкүндүк берет. PIN кодду сиз инсандыкты тастыктоо жана документтерге кол коюу үчүн пайдалана аласыз.

Жооп тапкан жоксузбу? Биз менен байланышыңыз!

Жазыңыз

Суроо берүү

Чалыңыз

  • 119
    (КР боюнча чалуу акысыз)