Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын колдонуучулук макулдашуусу
Ушул Колдонуучулук макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) Арыз берүүчүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын Операторунун ортосундагы мамилелерди регламенттештирет.
Макулдашуу Тутумдун кызматтарын сунуштоо жана пайдалануу шарттарын жана эрежелерин аныктайт, Макулдашуунун тараптарынын укуктарын жана милдеттенмелерин, ошондой эле Тутумду колдонуу эрежелерин жана шарттарын бузгандыгы үчүн Колдонуучунун жоопкерчиликтерин аныктайт.
Оператор Арыз берүүчүлөргө Порталды ушул Колдонуучулук макулдашууда баяндалган шарттарда пайдаланууну сунуштайт. Макулдашуу күчүнө Арыз берүүчү тараптан анын шарттары менен макулдугун туюндурган учурдан тартып кирет.
-
Түшүнүктөр жана алардын аныктамалары
-
Ушул Колдонуучулук макулдашууда төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы (мындан ары – Портал) – Интернет түйүнүндөгү арыз берүүчүлөргө МККнын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматтарга карата жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле алардын электрондук формасында берилишин камсыздай турган сурап-билүү-маалымдама порталы;
- Арыз берүүчүнүн жеке кабинети – мамлекеттик кызматтарды пайдалануу учурунда МКК менен өз ара аракеттенишүү үчүн өзүндө башкалар менен катар арыз берүүчү тууралуу дагы жеке маалыматтарды камтып турган Порталдагы электрондук ресурс;
- Оператор – Порталдын үзгүлтүксүз иштөөсүн, техникалык тейлөөсүн жана мазмунун жана маалыматтарын камсыздоочу юридикалык жак;
- Арыз берүүчү – мамлекеттик кызматтардан колдонуу максаттарында Порталга кирүүгө жеткиликтүүлүктү алган жеке адам же юридикалык жак.
-
-
Арыз берүүчүнү каттоо
- Порталга жеткиликтүүлүктү алуу үчүн төмөнкү ыкмалардын биринен пайдалануу зарыл болот:
- Порталда катталуу жана логин менен сыр сөздү алуунун жардамы менен;
- 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картаны - паспортту (ID-карта), ошондой эле ушул көрсөтүлгөн паспортту жаранга берүү учурунда берилген картанын жеке сыр сөзүн пайдалануу менен.
- Каттоодон өтүү үчүн Арыз берүүчү каттоо формасындагы сунушталуучу суроолор боюнча өзү тууралуу аныкталган жана толук маалыматты берүүгө жана ушул маалыматты (телефон номерин, паспортунун номерин жана жеке идентификациялык номерин) колдоп турууга милдеттенет. Эгерде Арыз берүүчү туура эмес маалыматты берип жатса же Оператордо, Арыз берүүчү тарабынан берилген маалымат толук эместигин же аныкталбагандыгын божомолдоого негиз бар болгон учурда, администрация өз каалоосу боюнча Арыз берүүчүнүн эсепке алуу каттоосун блокировкалоого же өчүрүп салууга жана Арыз берүүчүгө Порталды пайдалануусунан баш тартууга укуктуу болот.
- Оператор Арыз берүүчүдөн каалагандай учурда каттоо мезгилинде көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктоону талап кылуу жана ушуга байланыштуу тастыктоочу документтерди (анын ичинде – инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерди) талап кылуу укугун өзүнө калтырат, аларды бербей коюу, Оператордун каалоосу боюнча, аныкталбаган маалыматты берүүгө теңдештирилиши мүмкүн. Эгерде Арыз берүүчүнүн ал берген документтериндеги маалыматтар каттоо учурунда көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келбей турган болсо, ошондой эле каттоо учурунда көрсөтүлгөн маалыматтар Арыз берүүчүнү идентификациялоого мүмкүндүк бербей турган учурда, Оператор Арыз берүүчүгө Жеке кабинетке кирүү жана Порталды пайдалануусунда жеткиликтүүлүктөн баш тартууга укуктуу.
- Арыз берүүчүнүн жеке кабинетинде камтылган жеке маалыматы Оператор тарабынан Купуялуулук саясатынын шарттарына ылайык сакталат жана иштелип чыгарылат.
- Арыз берүүчү каттоо учурунда агаг тутумга кирүү үчүн сыр сөзү менен смс-билдирүү келип түшө турган телефондун номерин көрсөтөт. Ушул телефон номери Порталга кирүү үчүн логин болуп саналат.
- Арыз берүүчү өзүнүн сыр сөзүнүн купуялуулугун камсыздоо үчүн жоопкерчиликти өз алдынча тартат. Арыз берүүчүнүн эсепке алуу каттоосу менен Порталдын алкактарында же аны пайдалануу менен, анын ичинде Арыз берүүчү тарабынан Арыз берүүчүнүн эсепке алуу каттоосуна киүү үчүн маалыматтарды үчүнчү жактарга каалагандай учурда (анын ичинде келишим жана маекулдашуулар боюнча дагы) берген учурларды кошо алуу менен жасалган бардык аракеттер үчүн (ошондой эле алардын кесепеттери үчүн) жоопкерчиликти өз алдынча тартат. Мында Порталдагы Арыз берүүчүнүн эсептик каттоосу алдындагы бардык аракеттер Арыз берүүчүнүн өзү тараптан жүргүзүлгөн болуп эсептелет, качан Арыз берүүчү Операторду Арыз берүүчүнүн эсепке алуу каттоосуна санкцияланбаган кирүү жана/же өзүнүн сыр сөзүнүн купуялуулугунун каалагандай бузулушу (бузулушу тууралуу шектенүүсү) тууралуу алдын ала билдирген учурдан башка учурларда.
- Арыз берүүчү Операторго Арыз берүүчүнүн эсепке алуу каттоосуна санкцияланбаган каалагандай кирген учур (Арыз берүүчү тарабынан уруксат берилбегенде) жана/же өзүнүн сыр сөзүнүн купуялуулугун каалагандай бузуу (бузуулар тууралуу шектенүү) жөнүндө токтоосуз билдирүүгө милдеттүү. Коопсуздук максаттарында Арыз берүүчү Порталдагы иштөөсүнүн ар бир сессиясы аяктагандан кийин өзүнүн эсептик каттоосу менен ишти коопсуз аяктоону («Чыгуу» баскычы) өз алдынча жүзөгө ашырууга милдеттүү. Оператор маалыматтардын мүмкүн болгон жоголуусу же бузулушу үчүн, ошондой эле Арыз берүүчү тарабынан Макулдашуунун ушул бөлүгүнүн жоболорун бузуусунан улам болушу мүмкүн болгон каалагандай мүнөздөгү башка кесепеттер үчүн жооп тартпайт.
- Колдонуучу тарабынан өзүнүн эсептик каттоосун пайдалануусу. Колдонуучу алып көрсөтүүгө кайталоого жана көчүрмөлөөгө, сатууга жана кайра сатууга. Ошондой эле кандайдыр-бир коммерциялык максаттарда пайдаланууга укуксуз.
- Порталга жеткиликтүүлүктү алуу үчүн төмөнкү ыкмалардын биринен пайдалануу зарыл болот:
-
Кепилдиктердин жок болушу, жоопкерчиликти чектөө
- Оператор Порталды пайдалануунун кесепетинен улам бологон чыгашалардын каалагандай түрү үчүн жоопкерчилик тартпайт.
- Оператор Арыз берүүчү тарабынан өзүнүн жеке, анын ичинде каттоо маалыматтарын үчүнчү жактарга бергендиги жана таркатуусу үчүн жоопкерчилик тартпайт.
- Оператор Арыз берүүчүнүн Порталда иш алып баруу учурундагы аракеттери же аракеттенбей коюушу үчүн анын ичинде каттоо боюнча маалыматарын үчүнчү жактарга бергендиги үчүн жоопкерчилик тартпайт.
- Порталда иштөө учурунда Арыз берүүчүгө үзгүлтүксүз интернет байланышын өз алдынча камсыздоо зарыл болот. Арыз берүүчү тарабынан пайда болгон бузуктуктар үчүн Оператор жоопкерчилик тартпайт.