Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын купуялуулук саясаты
Жеке маалымат купуялуулугунун ушул саясаты (мындан ары – Саясат) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары – МКК) жана/же анын түзүмдүк жана ведомство алдындагы түзүлүштөрү ушул Саясатка ылайык аларга колдонуучунун макулдугу менен берилген учурда алышы мүмкүн болгон маалыматтарга карата аракеттенет.
Порталды пайдалануу колдонуучунун ушул Саясат жана анда көрсөтүлгөн анын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу шарттары менен сөзсүз түрдөгү макулдугун билдирип турат: ушул шарттар менен макул болбогон учурда колдонуучу Порталды пайдаланбоого тийиш болот.
Ушул Купуялуулук саясатында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулушат:
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталы (мындан ары – Портал) – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан сунушталуучу мамлекеттик кызматтар жөнүндө жеке адамдар жана юридикалык жактар үчүн жеткиликтүүлүктүн бирдиктүү түйүнү.
Колдонуучу – бул белгиленген тартипте Порталды колдонуучу жана жеке мүнөздөгү маалыматты берүүчү жеке адам же юридикалык жак.
Контент – маалыматтык ресурстун маалыматтык-маанилүү толтурулушу (газеталар, журналдар, китептер, веб-барактар ж.б.у.с.), ошондой эле окурман/угарман/ көрөрман, эгерде башкасы ушул Макулдашуу менен караштырылбаган болсо колдоно ала турган бардык маалымат.
-
Портал ала турган жана иштете турган колдонуучулардын персоналдык маалыматы
- Ушул Саясаттын алкактарында «колдонуучунун жеке маалыматы» катары төмөнкүлөр түшүнүлөт:
- Колдонуучу өзү тууралуу Порталда каттоо учурунда (эсепке алуу жазуусун түзүүдө) өз алдынча бере турган жеке маалымат;
- Колдонуучу тууралуу аларды топтоо жана/же берүү МККнын тиешелүү документтеринде аныкталган башка маалымат.
- Ушул Саясат Порталга карата гана колдонулат.
- МКК жалпы учурда Колдонуучулар тарабынан берилип жаткан жеке маалыматтын аныктыгын текшербейт жана алардын ишке жөндөмдүүлүгүнө текшерүү жүргүзбөйт. Бирок МКК, колдонуучу каттоо формасында сунушталган суроолор боюнча анык жана жеткиликтүү жеке маалыматты бере тургандыгынан улам иш алып барат жана бул маалыматты актуалдуу абалда колдоого алат. Аныкталбаган маалыматты берүүнүн кесепеттери Порталдын колдонуучулук макулдашуусунда аныкталышкан.
- Ушул Саясаттын алкактарында «колдонуучунун жеке маалыматы» катары төмөнкүлөр түшүнүлөт:
-
Колдонуучулардын жеке маалыматтарын топтоонун жана иштеп чыгуунун максаттары
- Колдонуучунун жеке маалыматын МКК төмөнкү учурларда колдонууга укуктуу:
- тарапты МКК менен макулдашуулардын жана келишимдердин алкактарында идентификациялоо;
- колдонуучу менен байланышуу, анын ичинде билдирмелерди, суроо-талаптарды жана Порталды колдонуу, кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле колдонуучудан келген суроо-талаптарды жана билдирмелерди жөнөтүү;
- ээлери жок маалыматтардын негизинде статистикалык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- верификациялоо, башкача айтканда Колдонуучулар тараптан берилүүчү маалыматтарды тастыктоо.
- Колдонуучунун жеке маалыматын МКК төмөнкү учурларда колдонууга укуктуу:
-
Колдонуучунун жеке маалыматын иштеп чыгуу жана аны үчүнчү жактарга берүү шарттары
- МКК колдонуучулардын жеке маалыматтарын ички ченемдик актыларга ылайык сактайт.
- Колдонуучунун жеке маалыматтарына карата анын купуялуулугу сакталат.
- Колдонуучулардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу учурунда МКК КРнын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алат.
- Порталдын колдонуучусу тараптан берилип жаткан жеке маалымат, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү расмий кайрылуусунан башка учурларда, үчүнчү жактарга берүү жана таркатууга арналган эмес.
-
Колдонуучулардын жеке маалыматын коргоо үчүн кабыла лаынып жаткан чаралар
- МКК колдонуучунун жеке маалыматын мыйзам ченемсиз же кокусунан алуу. Жок кылуу, өзгөртүү, блокировкалоо, көчүрмөлөө, таркатуу, ошондой эле башка үчүн жактар тараптан мыйзам укуксуз аракеттерге туш кылуусунан коргоо үчүн зарыл болгон жана жетиштүү уюштуруучулук жана техникалык чараларды кабыл алат.
-
Купуялуулук саясатын өзгөртүү. Колдонула турган мыйзамдар
- МКК ушул Купуялуулук саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Өзгөртүүлөр киргизилген учурда актуалдуу редакциясында акыркы жаңыртылган күнү көрсөтүлөт. Саясаттын жаңы редакциясы күчүнө ал жайгаштырылган учурдан тартып кирет, эгерде башка нерсе Саясаттын жаңы редакциясы менен караштырылбаган болсо. Аракеттеги редакциясы туруктуу режимде https://e.srs.kg дареги боюнча жайгаштырылган. Ушул Саясатка жана колдонуучу менен МККнын ортосунда Купуялуулук саясатын колдонууга байланыштуу пайда боло турган мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары колдонулууга тийиш.
-
Кайтарым байланыш
- Ушул Саяскатка карата бардык сунуштар же суроолорду Порталдын администрациясына kattargrs@gmail.com электрондук дарегине билдирүү керек болот, техникалык колдоонун тел. +996 (312) 98 61 41.