Жаранды жашаган жери боюнча каттоо
Сиз жаңы жерге жашоого (турууга) көчтүңүзбү? Жаңы жашаган жериңиз боюнча каттоодон өтүү үчүн кезекте тургуңуз келген жокпу? Үйдөн чыкпастан Мамлекеттик каттоо кызматынын Электрондук кызмат көрсөтүлөр порталынан электрондук арызды өз алдынча берүүнүн жардамы менен электрондук түрдө жашаган жери боюнча каттоо боюнча кызмат көрсөтүн колдонуңуз
Жалпы маалымат
-
Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү жана баасы:
2 жумуш сааты 21 с
Эскертүү: документтер берилген учурдан тартып жумуш күндөрү/сааттар жана күндөр көрсөтүлүшкөн. -
Кызматты көрсөтүүнүн жыйынтыгы:
Жашаган жери боюнча каттоодон өтүү
Кызматы кантип пайдаланууга болот
-
Авторизуйтесь
Электрондук арызды тариздетүү үчүн Кирүү зарыл
-
Төмөнкү документтерденалынган маалыматтарды киргизүү менен электрондук арызды олтуруңуз
- жаранга анын негизинде каттоо жүргүзүлүп жаткан турак-жай имаратын берген адамдын арызы;
- турак-жай имаратын социалдык жалдоо келишими;
- укукту мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк (турак-жай имаратына карата менчик укугу);
- аскерге милдеттүүлөр үчүн (кызмат өтөөгө чакыр ылгандар үчүн) – аскер билети (аскердик эсепке алууга коюу жөнүндө күбөлүк) мурунку жашаган жери боюнча эсептен чыгарылгандыгы жана жаңы жашаган жери боюнча аскердик эсепке алууга коюу жөнүндө белгиси менен.
-
Төлөңүз
Мамлекеттик алымды төлөө үчүн Сиз каалагандай ыңгайлуу ыкма менен пайдалана аласыз.
Акы төлөөнү жүргүзгөндөн кийин жеке кабинетке билдирүү келип түшөт.
-
Жашаган жериңиз боюнча катталыңыз
Сиздин арыз Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан тастыкталгандан кийин Сизге жашаган жериңиз боюнча ийгиликтүү катоодон өткөндүгүңүз тууралуу билдирме келет.
Жалпы маалымат
-
Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү жана баасы:
1 жумуш күнү 21 с
Эскертүү: документтер берилген учурдан тартып жумуш күндөрү/сааттар жана күндөр көрсөтүлүшкөн. -
Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы:
Жашаган жери боюнча каттоо
Кызмат көрсөтүүнү кантип пайдаланууга болот
-
КТЮга кайрылыңыз
Жаңы жашаган (турган) жериңиз боюнча сапаттуу жана толук кандуу каттоодон өтүү үчүн Сизге төмөнкү документтерди алып келүү зарыл болот:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту;
- жашы жете элек арыз берүүчүнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту;
- жаранга турак-жай имаратын берип жаткан адамдын арызы (толтурулган №5 форма), анын негизинде каттоо жүргүзүлөт;
- турак-жай имаратын социалдык жалдоо келишими;
- укуктук мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк (турак-жай имаратына карата менчик укугу);
- аскерге милдеттүүлөр үчүн (кызмат өтөөгө чакыр ылгандар үчүн) – аскер билети (аскердик эсепке алууга коюу жөнүндө күбөлүк) мурунку жашаган жери боюнча эсептен чыгарылгандыгы жана жаңы жашаган жери боюнча аскердик эсепке алууга коюу жөнүндө белгиси менен.
Эскертүү: Документтерден алынган көчүрмөлөрдү алдын ала чыгарып алуу керек.